Кыргызстанда Социалдык коргоону санариптештирүү борбору түзүлдү

28 июня 2024, 14:19

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү документке өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.

Борбор социалдык төлөмдөрдү жана кызматтарды онлайн көрсөтүү, санариптик эсепке алуу жана социалдык маалыматтардын мониторинги, социалдык камсыздоо маселелери боюнча онлайн консультация жана колдоо кызматтарын көрсөтөт.

Ошондой эле, борбордо санариптик көндүмдөр жана технологиялар боюнча билим берүү программалары, социалдык программаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо, социалдык кызматтарды көрсөтүү процесстери ишке ашырылат. 

Бул кызмат көрсөтүүлөр жарандарга социалдык колдоонун кыйла натыйжалуу жана жеткиликтүү болушун камсыз кылууга багытталган.