Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү

19 июня 2024, 11:02

Президент Садыр Жапаров “КРнын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. 

Маалыматка ылайык, аталган фонд мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу, капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу максатын көздөйт. 

Белгиленгендей, бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Министрлер кабинетине жүктөлдү.