Бүгүн Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

25 июня 2024, 09:25

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, катталбаган апараттар өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.

Мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, алардын уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатын көздөйт.