Кыргызстандагы авиация жабдууларын жаңылоого 15 млн доллар бөлүнөт

19 июня 2024, 11:45

Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Кыргызстандын үч аэропортунда аба кыймылын башкаруу системасын жакшыртууга 15 млн доллар грант бөлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги билдирди.

Бул каражат Ош аэропортунда жаңы аэронавигациялык мунаранын курулушуна жана “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл” аэропортторунун аба кыймылын башкаруу жабдууларын жаңылоого жумшалат. 

Долбоор 2025-жылдын апрелинде башталып, эки жылдын ичинде бүткөрүлөт.