Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн

24 июня 2024, 09:15

Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан улам жарандарга сак болуу сунушталат.