Өлкөдө адал индустрия жөнүндө мыйзам кабыл алынды

19 июня 2024, 17:27

Президент Садыр Жапаров “КРдагы адал индустрия жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мыйзамды 8-майда Жогорку Кеңеш кабыл алган. 

Бул мыйзам адал индустрияны өнүктүрүү жана адал продукцияга жана аны маркалоого, адал кызматтарды көрсөтүүгө болгон талаптарды аткаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт. Адал индустрия чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.