MBANK эскертет: шылуундардын айла-амалдарына алдырбаңыз

21 июня 2024, 14:50

"Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК | MBANK Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте акыркы мезгилде банктык алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет.

Бардык кардарларды сак болууга чакырабыз.

Кандайдыр бир шектүү аракеттер же коркунучтар байкалса, Банктын расмий 3333 номуру аркылуу биз менен дароо байланышыңыз.

Сиздин каржылык бакубаттуулугуңуз жана коопсуздугуңуз биздин приоритетибиз.

Сак болуңуз жана жеке маалыматтарыңызды коргоңуз!