Жалал-Абад шаарынын мэриясын жана борбордук аянтты курууга 900 млн сом жумшалат

20 июня 2024, 14:47

Капиталдык курулуш башкармалыгы Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратын, мэриянын имаратын жана борбордук аянтты курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 900 миллион сомду түзөт.

Бул акчага Жалал-Абад обладминистрациясынын имараты, мэриянын имараты жана борбордук аянт курулат.