«Оксус» микрофинансылык компаниясы облигациялар боюнча кирешелерди төлөдү

25 июня 2024, 13:45

"ОКСУС микрофинансылык компаниясы" облигациялар боюнча төлөнгөн кирешесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

Ошентип, жалпы кирешенин суммасы 1 млн 194 миң 923 сомду түздү. Алар 41 облигация ээлеринин ортосунда бөлүштүрүлгөн. 

"Бардык төлөмдөр облигация ээлеринин банктык эсебине которулду", - деп айтылат маалыматта.