Улуттук банк валюта рыногунан 62,5 млн доллар сатып алды

19 июня 2024, 19:03

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси интервенция өткөрүп, 62 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул жыл башынан берки онунчу тескери интервенция.

Жалпысынан валюталык операциялардын алкагында Улуттук банк 264 миллион 950 миң доллар сатып алды.

Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат.