Нарында көчмө клиника калкты акысыз текшере баштады

18 июня 2024, 17:50

Нарында көчмө клиника жарандарды акысыз текшере баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өрнөк айылында орнотулган мобилдик клиника август айынын аягына чейин облус калкына медициналык жардам көрсөтүп, бейтаптарга диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана дарылайт.

Ошондой эле пландуу түрдө жалпы хирургиялык чоң эмес операциялар жасалат. Терапевт, кардиолог, невропатолог, гинеколог, уролог, офтольмолог, ЛОР, стоматолог жана гастроэнтеролог дарыгерлери акысыз кызмат көрсөтүшөт.

Клиника медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган.