Немис банктарына Кыргызстанда корреспонденттик эсеп ачуу сунушталды

21 июня 2024, 11:48

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев “АКА Банктын” башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушуунун жүрүшүндө Германиянын банктарына Кыргызстанда корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Анын айтымында кыргыз өкмөтү банк тутумуна болгон ишенимди жогорулатууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатат.

"Кыргызстанда корреспонденттик эсептерди ачуу биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоодо олуттуу кадам болот”, - деди чиновник.

Өз кезегинде Марк Венчик эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактары, логистика жана тоо-кен тармагында кызматташууга даяр экенин билдирди.

“АКА Банктын” башкаруучу директору ошондой эле саламаттык сактоо жана кен казуу жаатында кызматташуунун келечегин белгиледи.