Nvidia компаниясы баалуулугу боюнча Microsoft жана Apple’дан ашты

19 июня 2024, 12:35

Америкалык чип өндүрүүчү Nvidia компаниясы бир нече ай бою өскөн акцияларынын негизинде Microsoft жана Apple компанияларын ашып өтүп, дүйнөдөгү эң баалуу компанияга айланды. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды. 

Мунун себеби компания өндүргөн чиптер жана жасалма интеллектке болгон инвесторлордун суроо-талабы кескин жогорулаган. 

“Шейшемби күнү компаниянын акциялары 3,5%га көтөрүлүп, 135,58 долларды түздү, бул анын рыноктук капитализациясын 3,335 трлн долларга жеткирди.  Муну менен Nvidia АКШнын фондулук рынокторунда көптөн бери көч башында келе жаткан эки технология гигантын (Microsoft жана Apple) басып өттү”, - деп айтылат маалыматта. 

Nvidia өзүнүн чиптерине ChatGPT (OpenAI) сыяктуу күчтүү генеративдик AI моделдерин үйрөтө тургандыгы боюнча жогорку суроо-талапка ээ экендиги белгиленет.