Орто-Токой ГЭСин куруу иштери жакында башталат

25 июня 2024, 09:45

Орто-Токой ГЭСин куруу иштери жакында башталат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү жумуштар бир жума аралыгында ишке аша баштайт.

Эске салсак, Орто-Токой ГЭСин кытайлык компания курат. Долбоор үч жылга эсептелген.

Нарында курула турган гидроэлектростанциянын жалпы кубаттулугу 21 МВтты түзөт.