Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнө берилүүчү сый акы маселеси көтөрүлдү

27 июня 2024, 12:26

Депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңеште Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн айлык маянасы боюнча маселени көтөрдү. 

Ал баса белгилегендей, 2023-жылы 7 адамга сый акынын жалпы суммасы 84 млн сомдон ашкан. Башкача айтканда, бир адамга ай сайын 1 млн сомдон ашык каражат жумшалган.  

“Бул тууралуу “Акчабар” деген сайтка да чыгыптыр. 2023-жылы жалпы 7 адамдын алган акчасы 84 млн сомдон ашкан экен. Башкача айтканда, адам башына ай сайын 1 млн сомдон ашык каражат кеткен. Албетте, жогорку кесиптеги профессионалдар жакшы айлык алыш керек. Бирок, айына 1 млн сом жөнөкөй мугалимдин айлыгынан 40 эсе чоң болуп жатат. Азыр орточо мугалимдин айлыгы Кыргызстан боюнча 25 миң сом. 5-10 эсе болсо да бир жөн. Бирок, 40 эсе ашыкча акча го дейм. Анткени мурунку жылдары андай болбоптур. Бул болгону 2023-жылы эле болуптур. Мурунку жылдары мындан 3-4 эсе азыраак болуптур”, - деди ал. 

Материал менен таанышуу үчүн депутат “Акчабар” жасаган Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн сый акылары боюнча материалга шилтемени бир күн мурун дайындалган Улуттук банктын жетекчиси Мелис Тургунбаевге жөнөтүүнү убада кылды.