Ысык-Көл аэропортуна Алматыдан биринчи рейс келди

28 июня 2024, 13:04

Бүгүн, 28-июнда Казакстандын Bombardier Q400 NextGen учагы менен Алматы – Ысык-Көл – Алматы багыты боюнча биринчи каттам "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конду.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКтан билдиришкендей, Алматыдан Ысык-Көлгө учуу убактысы 35 мүнөттү, артка учуу 1 саатты түзөт.

Каттамдар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.