Президент Бишкектеги эски жарнамалык такталарды алып салууну тапшырды

19 июня 2024, 09:21

Президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына борбор калаадагы эски жарнамалык такталарды алып салуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Өлкө башчы шаардын ичин ирээтке келтирип, жарнамалык такталарды 31-августка чейин тазалоо керектигин, ал мындай жарнактар эски замандан калгандыгын кошумчалаган. 

“Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31- августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге лед экрандарга алмаштыргыла”, - деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.