Президент «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу боюнча мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2024-жылдын 19-июнунда кабыл алган.
Мыйзам “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет.
“Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат”, - деп айтылат маалыматта.
Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.