Кыргызстанда ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыяланды

19 июня 2024, 17:02

Кыргызстанда ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыяланды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, акция 1-июлдан 31-августка чейин жүрөт. Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат.

Мамлекет башчы паспорт, ID карт жана башка документтердин баары Кыргызстандын өзүнөн чыгарыла баштаганын эске салды. Муну менен кыргыз паспортун мурдагыдай каалаган адам сатып ала албайт деп күтүлүүдө.