Кыргызстанда мүлктү легалдаштыруу жыл аягына чейин узартылды

20 июня 2024, 09:35

Кыргызстанда мүлктү легалдаштыруунун мөөнөтү жыл аягына чейин узартылды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, мөөнөт мурда белгиленгендей 9-июнда эмес, 31-декабрда аяктайт.

Документ ички-тышкы инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жана активдердин сакталышын камсыздоого багытталат.

Эске салсак, Кыргызстанда 2 миң 139 адам декларация толтуруп, активдерин легалдаштырды. Анын ичинен 66 адамдын мүлкүнүн баасы 100 миллион сомдон ашып, алар 1 миллион сом өлчөмүндө бир жолку салык төлөгөн.