Президент уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду

27 июня 2024, 16:50

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул экологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон ресурстарды пайдалануу жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү үчүн зарыл.