Кыргызстандыктар интернет оюндарына көбүрөөк акча жумшай баштады

21 июня 2024, 14:23

Быйылкы жылдын үч айында кыргызстандыктар интернет оюндарына 14,1 млн сом коротушкан. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топ жогору.

Интернет-оюндардын күйөрмандары 25,9 миң төлөм которгон. Натыйжада орточо төлөм 544 сомду түзгөн. 

2023-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу онлайн оюндарга кеткен чыгымдар 5 млн сомдон 2,82 эсеге, төлөмдөрдүн саны 2,35 эсеге өскөн.

Белгилеп кетсек, транзакциялардын саны эле эмес, орточо эсеп да дээрлик 20%га өскөн (454,5 сомдон).