Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

24 июня 2024, 10:55

Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө", — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.