Садыр Жапаров Брюсселде Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушту

25 июня 2024, 16:42

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бельгияга иш сапарынын алкагында Король Филипп менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. 

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери, келечектүү багыттары белгиленди. 

Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров Король Филиппти Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.