Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

25 июня 2024, 17:37

Салык кызматынынын төрагасынын орун басары кызматына Нургүл Салиева дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.  

Салиева  мурунку жумада ири өлчөмдө жемкорлукка шек саналып кармалган Адилет Дубанаевдин ордуна келди. 

Нургүл Салиева буга чейин Салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору болгон.