Кыргызстанда эң ири текстиль фабрикасы июль айында ачылат

20 июня 2024, 13:00

Кыргызстан менен Түркия миңдеген жаңы жумуш орундарын камсыз кылып, экспорттук потенциалды бекемдей турган өлкөдөгү эң ири текстиль фабрикасын ачууга камданып жатышат. Бул тууралуу төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Ал белгилегендей, министрлер кабинетинин башчысы түркиялык Zilan Eversun Textile LLC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар инвестициялык кызматташуу келишимине кол коюуга даяр экендиктерин ырасташты жана министрлер кабинети фабриканын тез арада ачылышына ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.

Эске салсак, фабрика Чүй облусунун Кара-Балта шаарында курулуп, ушул жылдын июль айында пайдаланууга берилет. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 80 тонна кездеме чыгарат, бул Кыргызстандагы эң ири текстиль фабрикасы болот.