Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт

24 июня 2024, 12:30

Сентябрдан тарта Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов билдиргендей, медайымдардын маянасы 20%, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10% жогорулайт.

Белгиленгендей, учурда бул маселе боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатат.