Таласта курулушу жети жыл мурун башталган бала бакча ачылат

26 июня 2024, 09:05

Айтматов районунун Көк-Сай айылында курулушу жети жыл мурун башталган бала бакча ачылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүүчү мекеме 140 орунга чакталган.

Курулуш иштери республикалык казынадан каржыланган объект жакында пайдаланууга берилет.