Таласта Үрмарал дарыясына жаңы көпүрө курулду

24 июня 2024, 17:00

Талас облусундагы Үрмарал дарыясына жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзгөн көпүрөнүн жана ага барчу жолдордун курулушу "Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо" долбоорунун алкагында ишке ашырылып, каражат JICA тарабынан грант түрүндө берилген. 

Кошумчалай кетсек, көпүрө эл аралык маанидеги Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында курулду.