Улуттук банк «Бурул-Возрождение» финансылык кооперативинин ишин токтотту
Улуттук банк “Бурул-Возрождение” финансылык кооперативинин ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Белгиленгендей, аталган кооператив Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган.
“25-июндан тарта Бишкек ш., Чүй пр., 114, 403-каб., 404 б дареги боюнча жайгашкан Кредиттик союз “Бурул-Возрождение” финансылык кооперативинин 2006-жылдын 13-июлундагы №518 лицензиясы токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.