Улуттук банкта ICBC Standard Bank’тын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

26 июня 2024, 14:20

Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Э. Куленбеков ICBC Standard Bank делегациясы менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Жолугушууга “Кыргызалтын” ААК башкармасынын төрагасынын орун басары Б.К. Субанов катышты.

Белгилеп кетсек, ICBC Standard Bank (Standard Bank – Industrial and Commercial Bank of China (ICBC) Standard Bank деп аталышын өзгөрткөн) Лондондо башкы кеңсеси  жана Шанхайда, Сингапур менен Нью-Йоркто филиалдары бар, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзгөн дүйнөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналат.