«Айыл Банктын» уставдык капиталы 16,5 млрд сомго чейин өстү

1 июля 2024, 17:00

Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда «Айыл Банктын» 406 миң 566 жөнөкөй акциясы сатылды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

Жалпы суммасы 4 млрд 65,7 млн сомго бир бүтүм түзүлгөн. Акциялардын сатуу баасы 10 миң сомду түздү. 

Ошентип, банк өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүүнү пландаштырууда. Май айынын акырына карата банктын уставдык капиталы 12 млрд 401,8 млн сомду түздү, бул банкты капиталдаштыруу боюнча финансы институттарынын арасында лидер кылат. Көбөйткөндөн кийин ал 16,5 млрд сомду түзөт.