Быйыл Жогорку Кеңешке рекорддук суммадагы чыгаша жумшалат

21 июня 2024, 12:44

Быйыл Жогорку Кеңешке казынадан эң көп каражат бөлүнөт. Мындай тыянак ​​2024-жылга республикалык бюджет жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору менен таанышкандан кийин келип чыкты.

Каржы министрлиги 2024-жылга парламенттин чыгашасын 1 миллиард 240,4 миллион сом өлчөмүндө пландаштырган. 2023-жылга салыштырмалуу сумма дээрлик 62%га, же 472 млн 894,1 миң сомго көбөйөт.

Кошумчалай кетсек, келерки жылы парламенттин чыгашасы 10,85% азаят. Ошол эле учурда 2026-жылы сумма кайрадан көбөйөт, бирок 2024-жылга караганда 113,1 млн сомго аз болот.