Кыргызстанда жумушсуздук 20,4%га кыскарды

24 июня 2024, 09:23

Кыргызстанда 1-июнга карата 59,6 миң жумушсуз расмий катталган. Өткөн жылга салыштырмалуу алардын саны 20,4%га, ал эми бир айда 1,5%га азайган.

Жумушсуздуктун төмөндөшү өлкөнүн бардык аймактарында белгиленген. Бирок кыйла олуттуу кыскаруу Чүй жана Ысык-Көл облустарында, тиешелүүлүгүнө жараша 39,3% жана 27,1%га белгиленген.

Белгилеп кетсек, өлкө боюнча жумушка муктаж адамдарды бөлүштүрүү бир калыпта эмес. Алсак, эң көп жумушсуздар Ош облусунда – 15 миң 613 адам жана Жалал-Абад облусунда – 15 миң 515 адам катталган. Ошол эле учурда жумушка муктаждардын эң азы Нарын облусунда 1 миң 961 жумушсуз.

Кошумчалай кетсек, катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,9% аялдар. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,2%ды түздү.