Ош облусунда 81 миллион сомго бала бакча курулат

27 июня 2024, 14:31

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы бала бакча курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 81 миллион 734 миң сомду түзөт.

Бул акчага Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы эски мектептин аймагына 120 орундуу бала бакча куруу пландалууда.