Ысык-Көлдү бойлото 11 чакырым веложол курулат
Ысык-Көлдү бойлото 11 чакырым велосипед жолчосу жана жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, веложол Азия өнүктүрүү банкы менен жетишилген макулдашуунун алкагында салынат. Долбоордун жалпы суммасы 56 миллион долларды түзөт.
Каражаттын бир бөлүгү Чолпон-Ата шаарынын жана Бостери айылынын канализациялык системасын жакшыртууга, калк жашаган түйүндөрдү көрктөндүрүүгө багытталат.
Иштер күзүндө башталып, веложол эки жылда курулуп бүтөт деп пландалууда.