Ысык-Көлдө курулушу үч жыл мурун башталган мектеп ачылат

20 июня 2024, 14:35

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда курулушу үч жыл мурун башталган мектеп ачылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, имарат эки кабаттан туруп, 150 окуучуга чакталган. Анда китепкана, ашкана жана спорттук зал каралган. Жалпы аянты 1 миң 280 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин дээрлик 97%ы аяктады.