Ысык-Көлдө курулушу сегиз жыл мурун башталган мектеп ачылат

24 июня 2024, 11:35

Ысык-Көлдө курулушу сегиз жыл мурун башталган мектеп ачылат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, имарат 275 орунга чакталган.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мектеп дээрлик 98 пайызга бүткөрүлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

Курулушу республикалык бюджеттен каржыланган объект ушул жылы пайдаланууга берилет.