Ысык-Көлдө скутер тебүүгө тыюу салынышы мүмкүн

25 июня 2024, 13:20

Ысык-Көлдө гидроцикл (скутер) тебүүгө тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Элдар Сулайманов иштеп чыкты. 

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, акыркы жылдары Ысык-Көлдө гидроциклдин катышуусу менен болгон кырсыктар көп катталып, анын айынан адам өмүрү кыйылган учурлар да бар. Аны менен бирге гидроциклдин майы көлдүн сууну менен аралашып экологияга терс таасирин тийгизүүдө. Аны менен бирге сууга түшкөн эс алуучулардын ден соолугу үчүн кооптуу.

"Суу мотоциклин өзгөчө кырдаалдарда гана колдонууга уруксат берилет. Мыйзам бузган жарандарга 5 миң сом айы ппул салуу каралган. Эгер бул скутер тебүү кайталанса, 15 миң сом айып салынат”, - деп айтылат маалыматта. 

Ал эми юридикалык жактар үчүн 10 миң сом айып каралган (кайталанган учурда 20 миң сом айыпка жыгылат).

Белгилеп кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынды, бирок азырынча карала элек.