Ысык-Көлдө Түрк мамлекеттер уюмунун бизнес-форуму өтөт

24 июня 2024, 14:10

27-июнда Ысык-Көл облусунда Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык бизнес- форуму өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди. 

Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык бизнес форуму катышуучу жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоочу иш-чара болуп саналат. Форум соода-экономикалык мамилелерди жакшыртууга, инвестиция тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган стратегияларды талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн уникалдуу аянтча. 

Иш-чарага мүчө өлкөлөр Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан, ошондой эле байкоочу өлкөлөр Венгриядан, Түндүк Кипрден делегациялар жана Европа палаталарынын өкүлдөрү, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышат.  

Кошумчалай кетсек, форумдун алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык бизнес форумуна катышкан өлкөлөрдүн бизнесмендеринин B2B жолугушуулары өтөт.