Жайыт жердин кыртышын бузуу боюнча 2,5 млн сом доо эсептелинди

27 июня 2024, 12:43

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө пландуу текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө узуну 54 метр, туурасы 9 метр болгон жайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн 253 миң 555 сом доо эсептелип, коюлду. Ошондой эле, укук бузуулардын жыйынтыгы менен акт түзүлүп, укук бузууларды четтетүү боюнча жазма буйрук берилди. 

Эскерте кетсек, жыл башынан бери Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан табылган мыйзам бузуулардын саны 714 болсо, 2 млн 513 миң 581 сом доо эсептелинип коюлду.