Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы жанданат

26 июня 2024, 09:20

Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы 1-июлдан тарта жанданат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, учактар Ысык-Көлдүн жээгине жумасына төрт ирет жөнөйт.

Эске салсак, Жалал-Абад – Тамчы багытындагы каттам мурда уюштурулуп, бирок чакан учактардын тартыштыгынан улам 2021-жылы токтоп калган.