Жалал-Абадда эркин экономикалык аймак түзүү пландалууда

19 июня 2024, 16:21

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды. 

Мыйзам долбоорунун негизги максаты - Жалал-Абад шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында Кыргызстандын чегинен тышкары жерлерде керектөөчүлөргө багытталган инвестицияларды тартуу, финансылык, эл аралык сооданы жана аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү болуп саналат.

Белгилеп кетсек, мыйзам долбоорун 28 депутат демилгелеген.