Жалдагы «Батуми» ресторанынын ордуна парк курула баштады

20 июня 2024, 17:43

Жал кичирайонундагы "Батуми" ресторанынын ордуна парк курулууда. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти. 

Белгиленгендей, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев мурдагы ресторандын ордуна салынып жаткан сейил бакты текшерди. 

Кошумчалай кетсек, сейил бакты Мамкурулуш агенттиги салууда.