Жапаров: темир жол аркылуу 13 млн тоннага чейин жүк ташылат

20 июня 2024, 16:37

Акылбек Жапаров парламент депутаттарына “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу боюнча келишимди ратификациядан өткөрүп бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, маселе 1996-жылдан бери талкууланып, 1997-жылы биринчи меморандумга кол коюлган. Бул темир жолдун курулушу менен Кыргызстан туюк өлкөдөн транзит өлкөгө айланат. 

“Транзит болгон үчүн биздин жерди аралап өткөн жүктөрдөн пайда түшөт. Жылына бул темир жол аркылуу 7 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин жүк ташылат. Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Европа өлкөлөрү менен соода мамилелерин түзүүдө болуп жатат. Европа Бирлигинин ИДПсы 25 трлн доллардан ашат, 18 трлн доллар көлөмдөгү ИДПга Кытай ээ болууда”, - деп белгиледи ал. 

Ошондой эле, ал “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу Кыргызстандын тышкы карызын көбөйтпөй турганын кошумчалады.