ЖК комитети балдарына алимент төлөбөгөндөргө жазаны күчөтүүнү колдоду

21 мая 2024, 16:10

Балдарына жана иштей албаган, колунда жок ата-энесине алимент төлөбөгөн жарандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору балдарына алимент төлөбөгөн ата-энелерге жана колунда жок кары ата-энесин багуудан качкан уул-кыздарга жазаны күчөтөт. 

"Ага ылайык балдарына, ата-энесине "кайрымсыз" болгондорго 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат же 60 сааттан 100 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо 9 айга чейин камакта отурат", - деп айтылат маалыматта. 

Бул мыйзам долбоору бала кезинде ата-энеси (же атасы, же апасы ) таштап кетип, карабай койгон жарандарга тиешелүү эмес. Тактап айтканда, жаран ата-эненин мээрими жок өссө, кийин ал ата-энесин карабай койгону үчүн жазаланбайт.