Парламент Улуттук банктын жаңы жетекчисинин талапкерлигин жактырды

26 июня 2024, 17:00

Парламент Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды. Ага 75 депутат “макул” деп добуш берди.

Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Мелис Тургунбаев буга чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп жаткан.