ЖК Кубанычбек Бөкөнтаевдин жумуштан кетүү арызын колдоду

26 июня 2024, 10:38

Бүгүн Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгынан мөөнөтүнөн мурда иштен бошотуу чечимин кабыл алды. 

Жыйында 70 депутат “макул” экенин билдирди. 

Депутат Гуля Кожокулова улуттук валютанын жана төлөм системасынын туруктуулугу Улуттук банктын командасынын эффективдүү иштегендигин көрсөткүчү деп белгиледи. 

Эске салсак, буга чейин Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев өз каалоосу менен башка ишке өткөндөгү боюнча иштен кетүү боюнча арыз жазган.