Жунушалиев: Бишкекте 6 чакырымдык асма жол курулат

21 июня 2024, 11:30

Бишкекте асма жол салуу пландалууда. Бул тууралуу парламентте мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, асма жол Манас проспектисин бойлой Апсамат Масалиев көчөсүнөн Жибек Жобуна чейин салынып, узундугу 6 чакырымды түзөт. Ал курулуп бүткөндө асма жол аркылуу күнүнө 50 миңден 100 миңге чейин адам жүрө алат деп пландалууда. 

“Асма жолду куруу үчүн дүйнөдө алдыңкы деп эсептелген швейцариялык компания менен келишим түзүлгөн. Учурда демөөрчүлөр 300 миң доллар бөлүп, Ropway долбоордук тобу тарабынан техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда”, - дейт калаа башчысы.