Жыл аягына чейин 250 миң жумуш орду түзүлөрү айтылды

19 июня 2024, 12:00

Кыргызстанда жыл аягына чейин 250 миң жумуш ордун түзүү пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр менен жалпы республикалык жыйында айтты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 39 миңи Эмгек министрлигинин линиясы аркылуу түзүлөрү пландалууда.

"Жумушсуз жарандарга жумушка орношууга жардам берүү үчүн 1899 "ишеним телефону" иштей баштады, анда ар бир адам өлкө, облус, өз району боюнча бош жумуш орундар жөнүндө биле алат", - деп айтылат маалыматта.